Жан дүйнөмө жагып турду жамалың,
Жалын чачып неге мени карадың.
Жандап баспай жалгыз кеттим садага
Жаш экенсиң жаштыгыңды аядым
Имирилип неге мынча карадың,
Ийик сымал ийрип жибин санаанын
Ишенимиң сынбасын деп садага
Ийнеликтей назиктигиң аядым.
Кирпигиңди кайра-кайра кададың,
Кайдан билдиң мен эмнени самадым
Катар баспай жалгыз кеттим садага,
Каухар сымал келбетиңди аядым
Оозун ачпай ооруп бүткөн жаранын
Ойлорумду жүрөгүмө камадым
Таарынбагын таттуу сөзүм укпасаң
Тамчы суудай тазалыгың аядым
Жаш экенсиң жаштыгыңды аядым
Гүлзат Батырканова — Аядым тексти
Датасы: 12.10.2020 Көрүүлөр: 1098