Жаштык, мастык, кимдер жаңылбас,
Өттү күндөр кайра кайрылбас.
Ошол тагдыр, аттиң, кайда экен?
Баласынан бөлүп айрыбас…
Кайырма:
Амансыңбы, балам, шириним?
Өмүрдөгү жашоо билигим.
Ажыратты бизди бул тагдыр,
Эми сага чоочун кишимин.
Издеп келдим бүгүн, каралдым,
Неге мынча чоочуп карадың?
“Ата” деген сөзүң уга албай,
Акылымдан кетип барамын.
Кайырма:
Дагы канча азап саласың?
Баары өтөр, мезгил, шамалсың,
Акыл берсе сага, каралдым,
Ата Журтуң издеп табарсың.
Кайырма:
Гүлжигит Сатыбеков — Балама тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 23384