Турналар учуп өтсө, жаз келсе кайтып келер,
Жаштышгың өтүп кетсе, кайтарып кимге берер.
Толгонуп буулугамын бир собол жүрөк эзер,
Өмүрлөр өтүп кетер…
Негедир жылдан жылга, саамайлар агаргансыйт,
Жаштыгым жаздай эле, күз келип саргайгансыйт.
Өмүрдүн барактары бат-баттан айрылгансыйт,
Байгеде бараткансып…
Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле?
Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?
Билинбей мезгил менен, кошулуп агабызбы?
Анын да чеги болор жээгине барабызбы?
Убакыт токтой турчу, гул терип алайынчы,
Сагындым балалыкты…
Өкүнүп күткөн менен өткөн күн кайтмак беле?
Табигат табышмагы жалынсаң да, сырларын ачмак беле?
Гүлжигит Сатыбеков — Мезгил барактары тексти
Датасы: 01.10.2020 Көрүүлөр: 19005
Браво
Гүлжигиттин ырлары уккан адамды эс алдыртат.
Гулжигиттин баардык ырлары маныздуу жана мукамдуу ун.
Соонун ыр экен,кайра-кайра угуп отурам.
Ырлары аябай сонун