Көзүмдү албай коломтонун отунан,
Көөдөнүм өрт, шуу үшкүрүп отурам.
Тагдыр турат коломтого байланып,
Таштап кетсең не болот деп чоочуган.
Арзуу бизге азап болду кайдагы?
Асылкечим, бир сөз айтчы жайдары.
Агай, мени өзүң элең азгырган,
Астыртадан көздү кысып, жазгырган.
Калбай ээрчип, күндө белек калтырып,
Карындаш деп эркелетип, наз кылган.
Ал ансайын жүргөн элем тартынып,
Моюнума колуң турса артылып.
Кайырма:
Бирге сыздап жүрөктөгү жарабыз,
Биздин дайым бирге беле санаабыз?
Арзуу деген азап экен туйлаткан,
Жакын туруп алыс беле арабыз?
Көңүлүбүз,
Көңүлүбүз толгон кезде муң-зарга,
Бей убакта,
Бей убакта биз келебиз гүлзарга.
Жалын сүйүү болсо дагы ортобуз,
Жаным, неге биз сүйүүдөн коркобуз?
Эч жөнү жок, өзүбүздө күнөөлөр,
Эки жүрөк экөөбүздүн эркебиз.
Булганычтуу ушак кылаар бирөөлөр,
Бул сүйүүнү аздек сактап жүрө көр.
Жашырынган сүйүү — ушу сүйүүбү?
Жанды кыйнап бүттү сырдын түйүнү.
Алысташып жашайлычы, агайым,
Азап толду сени кыя албай, үйүлүп.
Мен тагдырдан өз теңимди табайын,
Сизди болсо, жан туйгун деп санайын