Кечке чейин тең жарышып жел менен,
Чарчаганда уктап калсаң мен менен.
Аныкында кызым коркпойт мейли деп,
Апаң издеп биздикине келбеген.
Кайырма:
Кошуна кыз, кошуна кыз, кошуна,
Балалыктын жылынганбыз балдан таттуу отуна,
Кошуна кыз, кошуна кыз, кошуна,
Жаш кезектин жылынганбыз, жан эргиткен отуна.
Эгер сени бирөө айтса жаман деп,
Оозуман октой уччу жаман кеп.
Сураганга жооп берчү элек тартынбай,
Сен тием деп, а мен болсо алам деп.
Кайырма:
Анда деле тоо ушундай жатчуле,
Анда деле суу ушундай акчу эле.
А бирок да сеникинен чыккан күн,
Алоолонуп биздикинен батчу эле.
Кайырма:
Анда деле кар асмандан түшчү эле,
Анда деле жерден түшүм күтчү эле.
А бирок да сеникинен чыккан жол,
Жүрүп-жүрүп биздин үйдөн бүтчү эле.
Кайырма:
Исирадин Аманбаев — Кошуна кыз тексти
Датасы: 29.09.2020 Көрүүлөр: 1549
Эң сонун ырлар маанилүү