Аба салкын, түн ортосу, Ай жарык,
Көпкө жүрдүк, бак аралап айланып.
Бир убакта мындай сунуш киргиздиң:
«Болдучу эми, түн ортосу кайталык».
Кучактадым, мен сен жакка ыктадым,
Сен да ыктадың, кучагымдан чыкпадың.
Шылтоо кылып чочубасын дегенсип,
Жакаңдагы кызыл гүлдөн жыттадым.
Дедиң дагы мага карап токтодуң,
Колду сунуп коштошууга окшодуң.
“Эсен тур” деп оң колумдан бек кысып,
Ич жылытып, жүрөгүмдү козгодуң.
Исирадин Аманбаев — Түнкү махабат тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 1129