Эстеймин ошол түндү,
Поездде бирге барган.
Жиби жок өзүңүзгө,
Билдирбей байлап алган.
Улгайган жашын билем,
Уланды сүйүү деген.
Киргенче купеңизге,
Каткырып күлкү менен.
Кайырма:
Ылдам, ылдам, ылдам,
Поезд жүрүп барат.
Сизге болгон сүйүүм,
Кайра күчөп барат.
Коңшулаш купедеги,
Бейтааныш сизди күтөм.
Чыкпайсыз түн ортосу,
Аны мен жакшы билем.
Айта албай саламымды,
Таанышпай каламынбы?
Кара көз карындашым,
Көрсөтчү карааныңды.
Кайырма:
Кайрат Примбердиев — Поезддеги махабат тексти
Датасы: 04.10.2020 Көрүүлөр: 2090