Ала-Тоонун сууларын бойлоп өскөм,
Аргымактын жалында ойноп өскөм.
Ата-бабам тоолорду түнөк кылып,
Урпактардын эртеңин ойлоп өскөм.
Ай, Кыргызстан,
Ой, Кыргызстан.
Мен сүйгөн бир, сыймыктанган Кыргызстан.
Төрт тарабын алп тоолор курчап турган,
Төрт туягың күтүрөйт чуркап турган.
Ысык-Көлдөй берметтүү бир көрүүгө,
Ар бир өлкө алыстан суусап турган.
Ак сакалдуу аталар жайкалышкан,
Неберелүү апалар балпайышкан.
Жети атасын бөбөктөр жатка билип,
Манас ата баянын айта алышкан.
Калыс Жакыпов — Кыргызстан тексти
Датасы: 20.10.2020 Көрүүлөр: 1439