Жүрөгүмө ачылган гүлсүң
Нур шооласы чачылган күнсүң
Таңда да сезим бир сени
Кубантып мени
Махабатсыз өмүр өмүр болобу
Сүйө албаса жаным көңүл толобу
Арманым менин ардагым менин
Сүйөмүн сени дагы дагы да
Булбул болуп таңымда сайрап
Гүлүм болуп багымда жайнап
Арнасам тунук сүйүүмдү
Кубантып сени