Кечигип жылдардын бир жылдарында,
Кезикти сүйүү оту кумарыма.
Сезимсиз ачылбаган бул сүйүүмдү,
Сактадым өмүрүмдүн акырына.
Булуттар арасынан сени издеймин,
Буйруксуз бактым экенин мен билбепмин.
Кечиккен бул сүйүүмө ишене албай,
Махабат көлүнө мен чөгүп келдим.
Буйругу бөлөк болуп турса дагы,
Буулугуп сени издейми ай-жылдары.
Тагдырдын тамашасы арсыз тура,
Таалайга жазып койгон бакыт мына.
Кайырма:
Эки жаш дарак болуп бийик өссө,
Эгиздей кол кармашып өмүр сүрсө.
Жарашып турса жашы бактысы да,
Эки жаш өтмөк эмес өкүнүчтө…
Кайырма:
Сонун аябай жакты
Сонун ыр
Мага өлө жагат ушул ыр
Оа мага дагы
Бул ыр менин жашоомо окшош тура. Мен да чыныгы суйууго эми жолуктум. Бирок бирге боло албайбыз