Көктөгү турналарды
Эрчи чуркап
Көктөмдө жарышчуу элек
Сен экөөбүз
Ошол жаз ошол көктөм
Кучагымда
Сүйүүгө мелт-калт толгон
Жүрөгүбүз
Мен азыр алыс сапар жүргөн турам
Азабы бөлүнүнүн жанды кыйнайт
Кайрадан жолугушуу
Тагдыр бар деп
Кош деймин тун сүйүүмө
Колум булгап
Канткенде унута алам узатканда
Көзүмдөн жаш мончоктоп төгүлгөнүн
Вокзалда калып калдым
Жалгыз сырап
Адашып түгөйүмдөн
Көгүчкөнүм
Ашыкса алды жакка
Дөңгөлөктөй
Мен сен деп арты карай тегеренем
Күт жаным сенин бүтпөс таалайыңа
Жаздагы турналардай
Кайтып келем
Кенжегул Озубекова — Кайтып келем тексти
Датасы: 23.09.2022 Көрүүлөр: 718