Бакытка кимдер гана ишенишпейт,
Бактылуулар сүйгөнү менен бирге жүрүшөт.
А бирок мага окшогон бактысыздар,
Өмүрүн кайгы менен өткөрүшөт.
Аз калды таңдын жаңы атарына,
Үмүтүм дале бакыт сапарында.
А бирок кайрадан бир айткым келди,
Жок белем бактылуулар катарында?
Сүйгөнүм, келчи мага, келчи кайра.
Баягы балбылдаган көздөрүң кайда?
Эгерде сени менен бир болбосом,
Жашоонун не кызыгы анда мага?
KG Эльмурат — Бакытка тексти
Датасы: 23.10.2020 Көрүүлөр: 1988