Кабагыңды гүлгө теңейм жаздагы
Каалабадым сенден бөлөк башканы
Өчпөй турган түбөлүккө мен үчүн
Өмүрүмдүн сен экенсиң ак таңы
Кайырма:
Баягыдай күлчу кайра
Бажырайып жүрчү кайра
Баягыдай эч кайгырбай
Баягындай сүйчү кайра
Көп сулуулар көрүнсө да көзүмө
Көңүл толуп тең келбедиң ай өзүңө
Таттуу болуп дайым бирге жүрсүн деп
Тагдыр сени энчилептир өзүмө