Уккун мени кыргыз элим,
Киндик каным тамган жерим, ай.
Манас өңдүү жигиттериң,
Сулуу кыздай келиндериң.
Келе жаткан Нооруз менен,
Куттуу болсун ырым дедим.
Кайырма:
Нооруз майрам, ырыс майрам,
Бабалардан мурас майрам.
Ак калпакчан кыргыз майрам,
Нооруз майрам, бул майрам.
Нооруз менен жер ойгонот,
Жер жүзүндө эл ойгонот, эй.
Эл ичинде эр ойгонот,
Эр төшүндө ыр ойгонот.
Көкүрөктү эзип келген,
Кыз төшүндө сыр ойгонот.
Кайырма:
Нооруз менен жаз башталат,
Ак сүйүүгө сөз ташталат, эй.
Куттуу болсун махабатың,
Аман болсун асыл башың.
Кыргыз элим көптөн күткөн,
Келе берсин ушул жазым.
Браво просто Великолепно
Норуз майрам детей норуз менен деп койуптур
Оба
Жакшы
Мошный экен
Жакшы
Оор ырго сложный текст
Абдан жакшы экен
Ошода келе берсинчи жаз
Жана ырга соз жок абдан мыкты экен
Сонун
Сопсонун