Датасы: 01.02.2022
Формат: mp3

Бүгүн бойдок кыз бала
Эртең эле эрчитээр
Эне болоор балага
Карылыкка баш ийген
Кошуларсың дайрага
Карындашым бүгүн той
Кел бийлеп кой садага

Кайырма:

Жаштар бийлеп жатса гүлдөп
Карындаш ай суранамын
Бийге жүр деп жаш кезиңде
Ойноп күл деп

Эмгек менен таң аткан
Шаттык жандап бараткан
Кел курдаштар достор ай
Жаштык өтөт турбайбы
Карыбаска жок арга
Кайгырганда не пайда
Кел бийлейли ырдайлы
Кел бийлейли жыргайлы

Эмгек менен таң аткан
Эл суктантып караткан
Кайран өмүр жашчылык
Өтүп барат шаштырып
Уруунарга жол таппас
Аттиң жаштык масчылык
Бүгүн тойду шат кылып
Биз ырдайлы каткырып





Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *