«Аке» деген сөзүңдөн ананайын,
Акең болуу менин да самаганым.
Ушул бойдон түбөлүк калсаң экен,
Урмат-сыйды тартуулап,
Урмат-сыйды тартуулап мага ар дайым.
Кайырма:
Э-э-й, түштүк кызы,
Карындашым, садага,
Карындашым, садага,
Садагасы…
Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын,
Алып эле баратат арбаганың.
Наристем, оо, назыңдан кагылайын,
Наристем, оо, назыңдан айланайын.
Кайырма:
Азырынча мен акең болуп койсом,
Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом.
Айып этпе, карындаш, анан, анан, ай
“Аке” деген оозуңдан соруп койсом.
Кубаныч Сатаев — Түштүк кызы тексти
Датасы: 13.10.2020 Көрүүлөр: 5571