Топ бактын ары жагында.
Толукшуп Ысык-Көл жатат.
Айлуу түндө кең мейкин,
Аралап жүрсөң чер жазат.

Тоо жактан жумшак жел согуп,
Айлана жымжырт магдырап.
Кубултуп булбул тил безеп,
Кулактын курчун кандырат.
Уялыңкы жер карап,
Унчукпай сулуу тунжурап.
Ачылбай сырдын кулпусу,
Арадан өттү көп убак.

Токсон жашка барсам да,
Толкуну жүрөт көңүлдө.
Эстелик болуп түбөлүк,
Элесиң калат өмүргө.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *