Датасы: 23.10.2020
Формат: mp3

Мына бүгүн дасторконду жайгыла
Сөз болбосун бүгүн бизде кайгыга
Үй төрүнө дос туугандарды чакырып
Тапканыңды тизип койгун алдыга
Мына бүгүн таарынганды койгула
Тырышпастан куйруктуу кой сойгула
Сөз бергенмин уул бала болсо деп
Мен чачылам досторум бир тойгула

Кайырма:

Бали бали баласына бали
Бали бали атасына бали
Бали бали апасына бали
Бали бали баарысына дагы
Атасы да молодец

Мына бүгүн шампандарды аткыла
Биздин үйдө бүгүн майрам каткыра
Укпай калган аяш-ата апаңа
Жүгүрүп алдап сүйүнчүлөп шашкыла
Шарап ичип бүгүн достор күлгүлө
Жигит бол деп тост айткыла сүйгүлө
Жылтыраган жылан жылда төрөлгөн
Кубанычтуу күндү эстей жүргүлө

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *