Эсиме келет чоң атамдын керээзи
Көзүмөн учат тууганымдын элеси
Ортоктош болуп сен күбө болуп айылым
Балалыгымды бир күнгөо кайрып берсеңчи
Кайырма
Айылым алтын бешигим
Ааламга сенден кеткенмин
Кайрылбай кантем өзүңө
Айланып жылдар мен келдим.
Балалык айылым табийгат сага жөлөнөм,
Балапан кезди сен менен бирге өткөргөм.
Сыйкырдуу күч бар алыстан келсем өзүңө,
Жашарып кайра наристе сымал бөлөнөм.
Айылга келем кыштакка барам жайлоого,
Көңүлүм эңсеп жүрөгүм аны каалодо.
Көп жылдар өттү убакыт суудай агылды,
Бересиң кубат жашоодон тажап болгондо