Сөзү, обону Сартбай Бөлөкбаевдики

Ак боз аттын такасы,

Ак ирим көлдүн жакасы.

Айтмайынча жазылбайт,

О, кургур!

Күңөтай кыздын капасы.

О-ой, бай-бай-бай-бай!

Күңөтай кыздын капасы.

Көк боз аттын такасы,

Көк ирим көлдүн жакасы.

Көрмөйүнчө жазылбайт,

О, кургур!

Күңөтай кыздын капасы.

О-ой, бай-бай-бай, бай!

Күңөтай кыздын капасы.

Тескейдеги куу казык,

Текенин эти жол азык.

Теңтушун таап алган соң,

О, кургур!

Күңөтай кызда не жазык.

О-ой, бай-бай-бай-бай!

Күңөтай кызда не жазык.

Топ-топ учкан таранчы,

Тобун бузбайт карачы.

Топ бийкечтин ичинде,

О, кургур!

Күңөтай барбы карачы.

О-ой, бай-бай-бай-бай!

Күңөтай барбы карачы.

Сап-сап (бир-а) учкан таранчы

Сабын (бир-а) жазбайт саначы.

Сан бийкечтин ичинде

О, кургур!

Күңөтай барбы карачы.

О-ой, бай-бай-бай-бай!

Күңөтай барбы карачы.

Один комментарий к “Күңөтай”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *