Ат жалында шамалдай ойнобосо,
Ала-Тоого жүрөгүн толгобосо,
Ата Журттун эртеңин ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Кылыч болуп душманга чабылбаса,
Сен дегенде селдей каптап агылбаса,
Жерин коргоп жарагын тагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Бабалардын салтына багынбаса,
Кырк чилтенге сыйынып жалынбаса,
Имерилип тоолорун сагынбаса,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Калпак кийип башына эрденбесе,
Калк ишине билек түрүп шерденбесе,
Жети атасын сурасаң, «билбейм» десе,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Кыздарынын намысын коргобосо,
Абийир үчүн чеп болуп орнобосо,
Энесинин көз жашын ойлобосо,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Бири сымал көктө толгон жылдыздын,
Бири өңдүү сууда сүзгөн кундуздун,
Эл ичинде баш калкалап күн көрсө,
Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
КЫЗ — БУРАК тобу — Андай жигит мырзасы эмес кыргызымдын тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 28742
Ушул ремиксинин минусун таппай атам билгендер айта аласыздарбы
Жакты.
Мага дагы жакты
Мага дагы абдан жакты угумду ыр экен
Ва х
Ката жок!
Анда жигит мырзасы эмес кыргызымдын.
Ва х
Тыбыштык тузулушу окшош бирок маанилери ар башка создор.Грек тилиндеги homas(бирдей),onot (ат) деген создон алынган
Вах
Аябай жакты
Аябай жакты
Ыр аябай сонун
Эч жининде ката жок
Сонун экен
Сонун экен
Эл Деген жерде ката бар экен айтылганла коп деп айтылтат
Ар бир өз жерин коргогон укукту
Норм
пон
вааай
Эл ичинде баш калкалап кун корсо Деген жерде коп ичинде баш калкалап кун корсо болт экен.
Мага дагы абдан сонун жакты