Ак куудай түнөгүндө,
Ак билек жүрөгүмдө.
Билели баркыбызды ,
Бир келген бул өмүрдө.
Кайырма:
Кел, достор отуралы,
Болбосту болтуралы.
Көңүлдүн бөксө жерин,
Ыр менен толтуралы.
Бар болсо шүгүр дейли,
Аз болсо кейибейли.
Бири кем жалган дүйнө,
Бирок биз кемибейли
Кайырма:
Таарынчың койчу нары,
Таалайга кол суналы.
Бактылуу, узун өмүр,
Үмүткө бой суналы.
Кайырма:
Кыздаркан Келдибекова — Достор тексти
Датасы: 11.10.2020 Көрүүлөр: 2975