Датасы: 12.11.2025
Формат: mp3

Эненин ыйык дешет тилек-үнү
Эзилип келем тилеп күнү-түнү
Эл уулу болор деген үмүтүм бар, үмүтүм бар
Эр жетип актайсыңбы сен үмүтүмдү?
Эр жетип айыктырып күйүтүмдү

Кубанычым, кагылайын, карегимсиң
Канымдан жаралган бир данегимсиң
Мезгилсиз бул дүйнөдөн өтүп кетсем, өтүп кетсем
Калтырар бул дүйнөгө белегимсиң
Калтырар мурасымсың, тирегимсиң

Дүйнөдө сен бар үчүн баарын жеңем
Дүнүйөм баары түгөл сени менен
Дүйнөдө теңдеши жок алтынымсың
Дүйнөдө сен бар үчүн жашап келем
Дүйнөдө сен бар үчүн жашай берем

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *