Асылзатым, азабым да жыргалым,
Сенсиз билбейм, кандай өтмөк жылдарым.
Салып алдың, өзүң билген бир күүгө,
Чертип жүрүп жүрөгүмдүн кылдарын.
Кайырма:
Жүрөктө жаз, көчөдө жаз, үйдө жаз,
Кемибеген, кебелбеген дүйнө мас.
Ишен, жаным көкүрөктө от жалын,
Жер жүзүндө мендей болуп сүйгөн аз
Көңүл эргип, колдон сыям кургабай,
Андан бери өттү жылдар бир далай.
Кагып-согуп жатса дагы бул турмуш,
Келе атабыз сезимдерди булгабай.
Жароокерим, жыргалым да азабым,
Капилеттен түшкөн эле назарым.
Баштап алып, ошол күндөн, ушул түн,
Бүтпөй келет, бүтпөйт сүйүү казалы.
Лира Райымбекова «журокто жаз» текст жазып койгулачы анан айтып койгулачы
Соонун ыр экен. Тексти менен болгон минусу болсо
Мага дагы тексти керек
Кошулду
Унунузго береке
Сонун ыр мага аябай жакты
Сонун ыр мага жакты
Эн сонун ыр
Соонун ыр,ЖУРОКТОН ЧЫККАН ЫР ЖУРОККО ЖЕТЕТ»
Караоке же болбосо минусовкасы керек Жүрөктө жаздын
Кароке
Сонун
Минусун да жүктөп койгулачы
Сонун ыр жагат