Кызыл топу саткан бир соодагер болуптур. Бир күнү токой аралап кардарларына жөнөйт. Күн аябай ысып, токойдо адам чыдагыс үп болуп турду. Чарчап, тердеген соодагер бактын түбүнө кыйшая кетти. Жалбырак арасынан күн тийип, баштан өтүп кетпесин деп кызыл топунун бирин кийип алды. Жүгүн жанына коюп, ыӊгайлана жатты да мемиреп уйкуга кетти. Бир топтон кийин уйкусу канып, сергип калыптыр.
Турда да керилип-чоюлуп, кол сандыгын көтөрсө, анысы бош. Бир да топу калбаган. “Эмне балаа болуп кетти? Топуларымды ким уурдады? Эми ууруну кайдан табам?” – Эки жакка безилдеп чуркап караса, ал түбүндө уктаган даракта толгон маймылдар – мартышкалар. Баары соодагерге окшоп башында кызыл топу, бири-бирин куушуп бутактарда секирип, кыйшаӊдашат. Кырсык басса ушунтет турбайбы, соодамдын бүткөнү ушул экен деди кургур! Кейип-кепчип, кайгырганынан – башындагы топуну жулуп алып жерге чаап алды.
Маймылдар ушуну эле күтүп жаткансып, баары баштарындагы топуларды жерге ыргыта башташты. Соодагер аларды тез-тез жыйнап сандыгына салды да, дагы бир балакет боло калбасын деп, тезинен токойдон чыга качкан экен.