Өттү кундөр кубалашкан көпөлөк,
Жытын искеп өрөөн толгон гүлдөрдүн.
Өттү баары, ээлеп ордун кусалык,
Ал тарапта жалгыз калдың сен өзүң.
Өттү жаштык өз күчүнө ишенген,
Текеберлик издеп, жалан чындыкты.
Турмуш бийлеп кезектеги жашоодо,
Сүйүп кеттим, кара тору бир кызды.
Өрөөн алыс, гүлгө толгон жапжашыл,
Көпөлөктөр учпай калды кышында.
Чачка бурул топтогонбуз биз азыр,
Макул болуп, тагдыр деген ушуга.
Маматибраим Бостонкулов — Кусалык тексти
Датасы: 07.10.2020 Көрүүлөр: 1686