Жалооруп карап сенин жамалың,
Жалынга жүрөгүмдү байладың.
Жашоомо жаралган сен ардагым,
Жалгызым, бир өзүңдү сагындым.
Сени сагынып, сени сагынып,
Күндөрүм өтөт кусага батып.
Сени сагынып, сени сагынып,
Уйкусуз таңдар атты.
Кайырма:
Сен, жаралуу жүрөктү кыйнадың,
Сени сагынам, сезимимди сыйбадың.
Сен, тагдырымды неге кыйнадың?
Сени сагынам, үмүтүмдү алдадың.
Жанымда түбөлүккө калбадың,
Жазыксыз жүрөгүмдү арбадың.
Жанашып жарым болуп албадың,
Жалгыздык күндөрдү арнадың.
Күндөр жаңырып, жүрөк сагынып,
Көздөрүң карегимде кадалып.
Сезим жалынып, сага багынып,
Түбөлүк сен деп жашайм.
Кайырма:
Мирбек Атабеков — Сагынам (remix) тексти
Датасы: 19.10.2020 Көрүүлөр: 4034
Мага Мирбек Атабековтун ырлары баары жагат , катасын издебейм , просто суйом ❤️
Мага Мирбек Атабековтун ырлары баары жагат , катасын издебейм , просто суйом ❤️