Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбайсың сен
Бул жолуң өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбайсың сен,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүгө сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн чагыңда.
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн чагыңда.
Ото жакшы ырлар баарына рахмат
Созу,обону кимдики? Толук жазып койсонор.
Сөзү Байдылда Сарногоевго таандык