Биз жолуккан күндөрүбүз эсимде
Гүл көтөрүп келер элең кечинде
Колтукташып бирге басып сыр чечип
Жүрөр элек гүл бакчанын ичинде
Түбөлүккө сүйдүм жалгыз сени мен
Таалайыма жаралгансып жалгыз сен
Тарбиялап уул-кыздарды чоңойттук
Бул жашоого шүгүр дедим дагы мен
Бул турмуштун тузун таттык бел аштык
Алга карай жетелешип бир бастык
Кээде жыргап кээбир күндөрү кыйналып
Бул жашоонун ырахатын бир таттык
Жаратканга тобоо кылып турайын
Жакшылыкты өзүң билчи кудайым
Кучагыңды кенен жайып кут тозгон
Үй-бүлөмө чын-ден соолук сураймын
Мөөркан Мамыркулова — Жолдошума тексти
Датасы: 15.05.2022 Көрүүлөр: 2531