Датасы: 11.09.2021
Формат: mp3

Жалын болуп күйүп жаным
Жүрөгүмө үмүт салдың
Бир көргөндө сүйүп калдым, жазым ай
Махабатым кайда элең
Көрүнбөгөн жайда белең
Жактырганым айта берем жашырбай
Көкөлөдүм учкандай
Көктөн сени сунгандай
Көздөрүңдө нур бардай
Жанды жазым ай
Кайырма:
Жазым гүлүм, гүлүм
Жетеби сага колум
Жашырбастан айтсанчы мага жообун
Жазым гүлүм, гүлүм
Жетеби сага колум
Эгиз болуп жанашсын мага жолуң
Көңүлүмдүн терээңинде
Көздөрүмдүн карээгинде
Жашоо сунган ар деминде өзүнсүң
Аяйымсын, бар жанымсын
Ак жүрөгүм арнадым чын
Сени гана тандадым гүл зарымсың
Көкөлөдүм учкандай
Көктөн сени сунгандай
Көздөрүңдө нур бардай
Жанды жазым ай

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *