Шаңы жок даамы жок
Зымырап өтөт жылдар
Жолдордун көрүнбөйт соңу
Айласыз
Саана көп көңүл жок
Сая кеткендей өмүр
Сумсаят да күлбөйт жүзүң
Аргасыз айгасыз
Кайырма
Кел менин асыл жарым
Ооруган көңүлгө дары болосуң
Сенсиз чыйрыгам дайым
Же издеп же сурап
Сен мага кабар жолдо
Мен сага дале ашыкмын
Айласыз
Сүйүү жок сезим жок
Арабызда капалык
Кусалыктын торунда калдык
Аргасыз айласыз
Мени мынтип таштаган
Сага эч жарашпас
Кулагымда азыр да жаңырат
Сенин таттуу сөздөрүң
Айласыз