Кайырма:
Жайдын бир кезинде,
Адырлуу тоонун бетинде.
Сан гүлдөн тандап үзгөн,
Жайдары селки эсимде.
Өзүмдү сага берем деп,
Өмүрдүн гүлүн терем деп.
Сүйлөшкөн күндөр эсте,
Турмуштун сыры тереңдеп.
Агарып таңдар аткан,
Суюлуп жылдыз баткан.
Калдыго бекен эсиңде,
Кыйшпайбыз көз карашкан.
Антыңды ойлоп таңда,
Көңүлүм сенден дайыма.
Азыркы шайыр жаштардын,
Өзүңдөн болсун дайыма.
Кайырма:
Назми — Эсимде тексти
Датасы: 28.10.2020 Көрүүлөр: 1001