Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Наристем менин аткан ак таңым,
Жыргалым, үмүтүм, таптаттуу бал жаным.
Кичинекей жанган жылдызым, жарыгым,
Жалыным, күнүм, айым, чырагым, шамым.
Кайырма:
Алдей ай, бөпөм ай, уктай койчу, нурум ай,
Алдей ай, балам ай, бактылуу бол, балакай.
Алдей ай, алдей ай…
Данектейим, бүчүрүм, бутагым,
Периштем, бөжөгүм, жадыраган жазым.
Эркетайым менин, жөлөгүм, өбөгүм,
Аппагым, асман таңым, арзыган багым.
Кайырма:

Неля — Алдей ыры тексти: 24 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *