Батыш жактан сыдырым жел, шамал согуп,
Көк талаада мен отурдум көпкө ойлонуп.
Жибек сымал саамайыңды эске салам,
Шамал жеткен жоогазынды карап коюп.
Кайырма:
Кат жазам сага мен алыстан,
Зар болуп сенин элесиңе.
Бир өзүңдү теңеп жылдыздарга,
Алмаштырбаймын сени эч кимге.
Теңейм сени жоогазынга гүлүн ачкан,
Жаш бутакка эрте жазда бүрүн чачкан.
Теңеп сени жылдыздарга бүлбүлдөгөн,
Теңейм күнгө көк мейкинден нурун чачкан.
Кайырма:
Неля — Кат жазам сага тексти
Датасы: 02.10.2020 Көрүүлөр: 1232