Өзүңсүз кантип жашайын
Өтүнүп келдим атайын
Кудалап койгон жериңе
Куткарып ала качайын
Баарына мен да даярмын
Бактыман кантип аядым
Арбын жол басып
Ашууну ашып
Кетели кайрылбаска
Кайырма;
Жалганга калдым батпай
Жар болдуң жалгыздатпай
Өчөшкөн көп болсо да
Өмүрдөн жар кылбастай
Кыз күйөө аталганбыз
Кылымдап айрылбастай
Өрт болуп жанган убагым
Өчүрө албай турамын
Өмүрүм кызыл гүл болсо
Өзүмө гана сунамын
Соолутпай ошол гүлүмдү
Толкундап тосом сүйүүмдү
Жанымда жүрсөң
Жадырап күлсөң
Жашаймын кайгырбастан
Жагылат шамдай тилегим
Кагылат сен деп жүрөгүм
Бөпөлөп өтөт кол үзбөй
Бөлбөсө бизди бир өлүм
Кош карек болуп жаналы
Мөл булак болуп агалы
Экөөбүз бирге өткөргөн күнгө
Бүт дүйнө арзыбастай