Бир көрүп ашык болдум мен
Жамалың сенин жайнаган
Жаныңа басып бара албай
Өзүңдөң мынча тартынам
Ашыктык ырын ырдаймын
Айта албай сага сөзүмдү
Ансайын сүйүүп барамын
Ашыгым сенин өзүндү
Кайырма
Сүйүүмдү менин сезсеңчи да сезсеңчи
Колуңду мага берсеңчи да берсеңчи
Арнаган аруу сүйүүмдү да сүйүүмдү
Теңсенбей басып кетпечи да кетпечи
Капкара сенин көздөрүң
Адамды тартат өзүнө
Арбалып калсам кантейин
Ай сенин ушул көзүңө
Махабат балын таткандай
Бактымды сенден тапкандай
Суктанып карай беремин
Бир сенден көзүм ала албай
Кайырма