Мен далай сүйүү издедим
Байкап сезим издерин
Бир өзүңдөн таппадым.
Мен жалгыздыкта калганда
Жүрөк толо арманда
Жарык бердиң мага ардагым.
Кайырма:
Бүт ааламдан сендей таппадым
Ай таппадым.
Сүйөм деген ойдон кайтпадым
Ай кайтпадым.
Жан дүйнөмдү жаралап
Каректериң кадалат.
Кайгы тартып турсам дагы
Сүйөмүн деп айтпадың.
Биз жүрөк менен табыштык
Сезим менен жарыштык.
Махабатты тапканда
Сен бакыт бердиң бир мага.
Ашык болуп мен сага
Таптым сени үмүт багынан.
Кайырма:
Сайкал Садыбакасова — Сендей таппадым тексти
Датасы: 29.03.2022 Көрүүлөр: 21930
Сонун