Жер көтөрбөс түйшүк менен көтөрүп,
Атам мени азап менен өстүргөн.
Жерге батпас сүйүнүчтү батырып,
Атам мени кубаныч менен өстүргөн.
Андан бери жылдар суудай агылды,
Эчен соолуп эчен ташып күүлөнүп.
Атам азыр бала болуп калыптыр,
Ал да мени өз алдынча сүйлөнүп.
Ойлоо кезде мен өзүмчө сүйлөнсөм,
Атам анда сүйүнгөнгө жетинбей.
Азырынча мен өзүнчө башкарсам,
Таарынат да жатып алат чечинбей.
Байкатпастан машиненин жогуна,
Басып кетет кармап калам жоолунан.
Жолго чыксам менден корккон атамдын,
Ошондогу сүйүүсүнө кабылам.
Күңгүрөнүп күйүт учат эмине,
Күндө жүрсө күрсө күрсө жөтөлүп.
Мени мурда көтөргөндөй сени эми,
Жүргүм келет жүз жыл бою көтөрүп.
Ай ай атакем…