Датасы: 05.11.2020
Формат: mp3

Тагдырга ишен, талыкпай кыл аракет,
Ошондо сага тагдыр өзү ишенет.
Өзүңө ишен, колуңдан баары келет,
Ошондо сени курчайт береке.
Элибиз аман болсун деп,
Жерибиз эсен болсун деп,
Ишен, колуңдан баары келет.
Жөн отурбастан, эмгектен,
Жаштарга болуп үлгү сен,
Ишен, аракет жеңет.
Кайырма:
Жан элим, ишенем сага,
Жан жерим, ишенем сага.
Ата мекенге ишен,
Кандан чыккан бул жериң.
Убактың келер,
Тиет сенин керегиң.
Жаратканга ишен,
Жакшы-жаман пендебиз,
Бейишке ыйман жолу менен кирербиз.
Элибиз аман болсун деп,
Жерибиз эсен болсун деп,
Ишен, колуңдан баары келет.
Жөн отурбастан, эмгектен,
Жаштарга болуп үлгү сен,
Ишен, аракет жеңет.
Кайырма:
Жан элим, ишенем сага,
Жан жерим, ишенем сага.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *