Булбул үнүн угуп багынам,
Узак калган жаздын гүлүн сагынам.
Лира десте жасап алып ышкындан,
Күтөм сени карегиңдин таңынан.
Арманым жок азабыңды тартсам да,
Таалайыма гүл өстүрчү жаңыдан.
Кайырма:
Жалооруймун элесиңе билеби?
Арзуумдун болор бекен тиреги?
Насип буйруп дилди баар даарыса,
Ышкы аптабын сезер бекен жүрөгү?
Мээримиңе мээримимди ширетип,
Алоосуна тартар бекен тилеги?
Булак үнүн угуп сүйүү аскадан,
Улуу тоого арзуумду айтып даттанам.
Лазатына тартылам булактын.
Кырчын чактын дарчасына баш багам,
Ашыктыктын гүлүн тигип жолуңа,
Таңды тосуп барткансыйт кош кадам.
Кайырма:
Шашып-шашып чыгат менин добушум,
Аяз чырмап баратат бийим конушу.
Ырайымдуулук каалгасын кең ачып,
Иликтечү күндүн кутман болушу.
Периштедей бир көрүнүп көзүмө,
Ашыктыктын баштап койдуң согушун.
Кайырма:
Съездбек Искеналиев — Сезер бекен? тексти
Датасы: 17.10.2020 Көрүүлөр: 389