Жүрөгүмдө сакталаган сыр элең сен, сыр элең,
Жарык берген үмүткө, нур элең сен,
Бассам турсам шыгылап медер болуп,
Жазыла элек буйтолуп ыр элең сен
Жаз башында жарк этип, төрөлдүң сен, төрөлдүң
Жарык берген үмүткө бөлөндүң сен
Жүрөгүмө нур төгүп кубанычым
Жазгы бактай бүр байлап көгөрдүм мен
Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат,
Көңүлүмө таң атсын гүлдөр жайнап.
Кубат алып күлкүңөн өмүрүмө,
Көкөлөйүн асманга канат байлап.
Көкөлөйүн асманга канат байлап.
Күлкүң кайрат, күлкүң кайрат,
Ата-эңене күлкүң кайрат.
Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат
Күлчү уулум атаңа, күлкүң кайрат,
Көңүлүмө таң атсын гүлдөр жайнап.
Кубат алып күлкүңөн өмүрүмө,
Көкөлөйүн асманга канат байлап.
Көкөлөйүн асманга канат байлап.
Сьездбектин ырлары жакшы.мага аябай жагат