Жамгыр төктү эч басылбай,
Биз келаттык көл-шал болуп.
Жол кароого көз ачырбай,
Бет алдымдан шамал согуп.
Кайырма:
Күн күркүрөп жамгыр төктү.
Ошол күндөр кайда кетти?
Жаштыгымды же кечээги,
Кайрылбастан кете берди.
Жамгыр төктү эске түштүң,
Алыс калган жаштыгымдай.
Сагынтасың жүрөктү эзип,
Колдон учкан ак куумдай.
Кайырма:
Жылдар учат канаттуудай,
Жамгыр төгөт эч басылбай.
Жамгырларда эске түшөт,
Туңгуч сүйүү унутулбай.
Султан Садыралиев — Жамгыр төктү тексти
Датасы: 29.10.2020 Көрүүлөр: 2198