Илгери бир заманда кудуреттүү хан болгон экен. Хандын көптөгөн кенчи болуптур. Алардын ичинен эң кымбаты Жамал аттуу кызы экен. Жамал жанда жок сулуу болот. Эки көзү эки күн сымал нурлары чачыраган, жүзү ачылган мала гүлдөй кундуздай олоң чачы согончогуна жетип, жер чийет. Кыздын сулуулугуна жер үстүндө эч ким жетпес. Акыры Жамал бойго жетип турмуш курар мезгили келди. Бирок бул пери кызга татыктуу күйөөнү кайдан тапса болот. Кеп ушунда турду. Хан ойлоп ойлоп отуруп акыры бир жыйынтыкка келди. Ал кудук каздырып, ким ошол кудукту алтын жана кымбат баалуу таштар менен толтурса хан кызын ошого берет деген жарыя айттырып, чабармандарды туш тушка чаптырды. Хан сыйкырчыны чакырып, кызды кимде ким бактылуу кыла алса гана кудукту алтынга толтура алгыдай дуа окутуп, сыйкырлатып салды. Жамалдын сулуулугун уккан жигиттер туш-туштан самсып келе башташты. Хандын каздырган кудугуна не деген мен менсиңген жигиттер алтын-күмүштөрүн салышкан жок дейсиң. Бирок алардын бири да кызга жетпей кайра үйлөрүнө кайтышты. Алардын таштаган асыл таштары кудукту толтурмак турсун жарымына келген жок. Хандын айткан шартына кудуреттери жетпеди. Ошол заманда белгилүү бир бай болуптур. Бирок ал байлыгына мактанбай, Касым деген жалгыз уулу менен сыймыктанчу экен. Уулу менен кантип сыймыктанбай койсун. Касым эр жүрөк, сулуу, кайраттуу, күчтүү азамат экен. Ал баардык учурда ийгиликке жетип, дайым жеңиш үстүндо болот. Жамал сулуунун кабарын угуп, жигит өз бактысын сынап көрмөй болот. Атасынын эсеп жеткиз алтыны бар эле. Бирок хандын кудугун толтурууга канча алтын зер керектерин эч ким билбейт. Бай өзүнүн короосуна түбү көрүнбөгөн терең ор каздырып, ага толтура алтын менен асыл таштарды салдырып көрдү да андан он эсе алтын, күмүш, каухар, лаал, изумруд таштарын төөлөргө жүктөтүп, уулун Жамал сулууга аттандырды. Мынчалык көп байлыкты ханга эч ким деле алып барбаса керек — деп Касым ойлоду жолго камынып. Зер буюмдар жүз нарга сылай жүктөлүп, кербен жолго чыкты. Кербен күнү-түнү тынбай жол жүрдү. Акыры ай чырай сулуу Жамал жашаган шаарга жетти. Хансарайдын алдына келгенде байдын уулу баштап келе аткан кербенин токтотуп, аттан түшпөй ээрден кыйшайып, хан каздырган кудукка эңкейип көз жүгүрттү. Мунун узун туурасы анча деле чон эмес экен. Биздикинен алда канча кичинекей турбайбы. Мен алып келген зер толмок тургай ашып калат — деп ойлоду жигит. Хандын дарбаза сакчылары ханга келгендигин айтып, ичкери кирди.
— Мен кызыңа үйлөнгөнү келдим кадырлуу хан- деди жигит. Алып келген байлыгым бир эмес он кудукка жетет. Ал жактан кам санаба.
— Мага ондун кереги жок бир эле кудукту толтурсан болду -деп хан мыйыгынан жылмайып койду.
— Аны иш жүзүндө көрсөтөм. Алтын зер салынган каптарды чечип кереги жок кудукка батпай калары көрүнүп эле турбайбы. Кудука төгүп убара болуп эле убакыт бекер өтөт.
-Анын туура -деди хан. Убакыт деген аала таала тарабынан бизге берилген куну жок байлык. Сен аны куру сөз менен ысырап этип жатпайсыңбы. А адырлуу хан- деди жигит чыдабай албай . Терезеден карап көрчү. Алтын зер жүктөлгөн жүз төө турат бели майышып. Али кудукту толтуруп коюш кыйын деле жумуш эмес. Жигит ишенимдүү сүйлөдү. Бир кудукту толтургун да, арзып келгениңди алып кете бер. Мага ашык дөөлөтүн кереги жок — деди хан.
— Макул өзүң айткандай болсун — деп байдын уулу кызматчыларына каптарды чечип кудукту алтын зерге толтургула деген буйрук берди. Байдын уулунун кулдары болгон бүткөн алтын зерди кудука төгүштү эле алары кудуктун жарымына дагы жетпей калды. Мына кызык байдын уулу төөлөрдү сатып, анын алтынын дагы кудукка салдырды эле. Ал дагы аздык кылды анан жигитт кербен менен келген кул кутандарын сатып , мунун алтынын дагы төктү да андан дагы кудук толбоду. Байдын уулунун айласы кетип, амалы түгөндү. Кудуктун толоор түрү жок. Ал чөнтөгүндөгү акыркы тыйынын кудука ыргытты да хан сарайдан чыгып, башы огон жака кете берди. Карды ачып анын үстүнө чарчап көпкө жүрдү. Үстүндөгү кийимдери дал-дал айрылды.
Анан ал кардын тойгузуш үчүн табылган жумушту жасаш үчүн кайыл эле.
Кайра өзүнүн үйүнө барууну ойлоп койгон да жок. Андан калса үйү ыраакта. Ал жака жетүү оңой эмес. Чөнтөгүндө пулу да калган эмес. Күндөрдүн бир күнүндө Жамал сулуу шаарды аралап бараткан. Касым болсо жонуна бир таңгак отунду көтөрүп алып, кимге жыгач отун керек ?- деп кыйкырып жүргөн. Жамал жигитке көз кырын салса келишкен сулуу жан экен. Кызга жагып калды. Кыз жанындагы кызматчыларга айтып, жигитти чакырып алды да, өзүнүн жүзүн көрсөтпөй, жоолук менен жаап, жигит сен кайдан жүргөн немесиң ? Кебетеңе караганда мындай оор жумушка көнбөсөң керек? Чыныңды айт ? Кайдан келип? Эмне кылып жүрөсүң? бул жерде — деп сурады.
— Чынымды айтсам мындай- деди Касым. Бул жерге мен Жамал сулууга үйлөнүүгө келгем. Кыздын атасына жүз нарга жүктөлгөн зер алып келдим. Бирок хандын кудугун толтура албадым. Төөлөрдү саттым, ал жетпей койгон кулдарымдын баардыгын саттым. Булар да жетпеди. Аябагандай көп алтын алып келгем. Бирок алар деңиздин тамчысындай гана болуп калды. Ошентип эч нерсем калбады. Эми оокаттын айласынан отун терип сатып жүрөм. Сага кыйын болгон экен -деди Жамал жигиттин айткандарын угуп. Хандын кызын алам деп болгон бүткөн байлыгыңдан ажыраптырсың. Ал кыз эл айткандай чын эле сулуу бекен? Балким андай кыз жок чыгар. Хан байыш үчүн ошентип атайын элдин баарын башын айландырып аткандыр. Эми мен сага жардам берейин. Бүгүн болушунча тыйын тапкын да эртең ханга барып, бактымды дагы бир сынап көрөйүн дегин. Менин айткандарымды унутпа, Жамалды өз көзүң менен көрмөйүн тыйынды кудукка ыргытпа. Айтканымды так аткарсаң талаада калбайсың. Бул акылыңа ырахмат бирок мен хаансарайга барбай эле коеюнчу. Жамалды өз көзүм менен көргөндө эмне өзгөрүп кетмек эле. Жарымак кудугун толтурмак түгүл түбүнөн да көрүнбөй калат — деди жигиттин үнү муңайып чыгып.
-Сен антип айныбагын — деди Касым. Ал сыйкырланган кудук мен сага анын сырын ачып берейин. Жамал менен жигит бири-бирин көрүп жактырып бирин-бири сүйгөндө гана кудук бат эле толуп калат. Аны толтуруш үчүн аз эле тыйын керек. Ансыз бүт дүйнөдөгү алтынды чогултуп келсе дагы кудук эч качан толбойт. Сен мен айтканды унутпай жасасаң мүүдөгө жетесиң.
— Макул барын сен айткандай жасайм- деп жигит сүйүнүп кетти. Бирок Жамал сулуу мени жактырабы?. Бактыңды сынап көр мүнкүрөй бербей — деди кыз. Бир кербенге жүктөлгөн алтын зериңди аябаган жаның эми бир аз тыйыныңды аямак белең. Барып көр балким ошол бир аз тыйының сага бакыт алып келер.
Илгери Үмүт менен жигит кечке жанын жай алдырбай иштеп кечинде жарыбаган тыйындуу болду. Эртеси эрте туруп жигит хансарайга келди. Дарбаза кароолдору көпкө чейин ичкери киргизбей коюшту. Хандын кызынан айланып кеткиң дешип шылдыңдап күлүштү. Алтынынды түбү тешик чакага салып алгансың го. Көзгө көрүнбөй жогол. Бирок Касым тигилердин шылдыңына моюн бербей айтканынан катпай тура берди. Акыры аны хансарайга кое беришти. Мен кызыңдын колун сурап келдим деди — жигит ханга. Аны бактындан көргүн деп хан адатынча мыйыгынан жылмайып койду. Тетиги кудукту алтын зерге толтурганга гана береримди билесиңби? -Билем адегенде кызыңды көрүүгө ырайым эт. Эл айткандай сулуу бекенин өз көзүм менен көрөйүн. Алтыңга татыктуу же татыктуу эмес экенин аныктайм -деди жигит. Аягандай алтының көп эмес көрүнөт -деди хан жигитти теңине албай. Чынын айтсам менин кызымды сынагыдай деле кебетен жок экен. Ал сенин теңиң эмес. Колун сурап далай жигиттер келген бирок алардын бири да шарттарды аткара албай куру кол кетишкен. Убактыңды бекерге кетирбе. Айтканыңда калет жок. Убакытты бошко коротуп эмне. Керексиз көп сөздү өзүң айтып атпайсыңбы. А мен аны кур бекерге ыргыткым келбейт. Эми менин татыксыз көзүм менен сулуу кызыңды көрүүгө уруксат бер. Ал кулдарына Жамалды алып келгиле деди. Касым кызды көрөрү менен жүрөгү кабынан чыгып кетчүдөй түрсүлдөп какты. Бул жака бекер келипмин кыздын чырайын көрбөй эле койгондо болмок экен. Эми аны кантип унутам. Мындай айчырай кыздан ажырап хансарайдан кантип чыгып кетем — деп ойлоду жигит. Жамал жигитти көрүп назик жылмайып койду. Кыз караган сайын жигиттин жүрөгүн махабат тору чырмай берди. Бир кезде хан адатынча мыйыгынан жылмайып, кана мен сага кызымды көрсөттүм. Эмки кезек сенде алтын күмүшүңдү көрсөт. Балким менин кызым сенин алтындарыңа татыктуу эместир деди Касымды табалаган үнү менен. Жигит ханга жооп кайтарган жок. Унчкупай туруп чөнтөгүндөгү тыйындарды кудукка ыргытты эле. Тыйындар түбүнө жетип жетпей кудук ичи буркан -шаркан тушүп барып, алтын толуп ташып кетти. Хан көрүп турган көзүнө ишенбеди. Касым ханды карап эми ал мыйыгынан күлүп, көрдүңбү менин алтындарым көп бекен -деди. Ошентип Касым менен Жамал экөө баш кошуп, узакка бактылуу өмүр сүрүштү.
Сыйкырдуу кудук
Датасы: 12.02.2021 Көрүүлөр: 34552
Эн сонун
Абдан сонун экен балама койуп берсем угуп атып уктап калды,ага кошулуп мен да уктум.
Окуй турган текст кылсаныз жакшы болмок экен
Туура айтасыз
Соонун жоомок экен мага жакты
Оба
Аябай жакшы
Эн сонун таасирдуу экен мага абдан жакты
Мага аябай жакты эң мыкты
Аябай жакшы жомок экен
Жаман хитрый хан экен.
Мага аябай жакты
Ооба ото сонун экен