Жаздын күнү чиркин жапжаш балдай
Жазгы жамгыр себелейт эч басылбай
Жамгыр менен кошо чуркап бийлеген
Кызды көрдүм аппак көйнөк кийинген
Бийле бийкеч бийлей бергин тартынбай
Тоскоол кылбай карап турдум жалдырай
Мен ал кызга таанышууга умтулдум
Тике карап, таң калгандай бурулдум
Назик колун мага сунуп жылмая
Күлүмсүрөп атын айтты Гүлбайра
Ай Гүлбайра жакты мага атыңыз
Түк түшүнбөйм кереметпи затыңыз
Жибек сымал жамгыр болгон саамайың
Саамайыңдан назик гана сылайын
Мен өзүңө айткым келди шыбырап
Жалгыз сенсиң менин бактым таалайым
Ай Гүлбайра, күтөм сени Гүлбайра
Эстен кетпейт таанышканың жылмая
Сыймык Бейшекеев — Гүлбайра тексти
Датасы: 21.10.2020 Көрүүлөр: 6488
Алгул Майра деген жеринде чото голос ун пауза сыйактуудай болуп калыптыр
Зато жакшы ыр