Күн дагы бүркөлдү,
Адамдын кабагындай.
Турмушуң үзүлөөр,
Алманын сабагындай.
Кайырма:
Кыргызым ыйлаба,
Күн тийет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буйруса бактыңа.
Ыйлаба кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азат күнгө алып чыгат,
Буйруса уул кызың.
Базарда көр турмуш,
Кыйналдың сен бир укмуш.
Күдөрүң үзбөчү,
Болоор чоң бурулуш.
Кайырма:
Кыргызым ыйлаба,
Күн тийет сага да.
Намыстуу эр чыгат,
Буйруса бактыңа.
Ыйлаба кыргызым,
Бөксөрбөйт ырысың.
Азат күнгө алып чыгат,
Буйруса уул кызың.
Элимдин ырысын,
Кемиткен наадандар.
А дүйнөгө барганда,
Бир кудай жазалаар.
Тийбечи суранам,
Элимдин нанына.
Убалы кыргыздын,
Уктатпайт сени да.
Ыйлаба кыргызым,
Кемибейт ырысың.
Азап күндөн алып чыгат,
Буйруса уул кызың.
Демиңе дем берем,
Мукамдуу ыр менен.
Тирүүлүк дөңүндө,
Жашаймын эл менен.
Ыр жакшы экен