Өзүңдү көп ичинен издеп жүрөм,
Өзүңө көңүлүмдү түздөп жүрөм
Түшүмдө апкаарыбай сен деп сүйлөп,
Өнүмдө жолукканда сиз деп жүрөм.
Сыртындан көзүм түшүп суктанамын,
Сөз кылса кыздар сени кызганамын.
Айлыма келээр бекен бастырып деп,
Азаптуу айлуу түндө уктабадым.
Сен менен колтукташып кол бойлосом,
Ак чабак балык болуп көлдө ойносом.
Ашыгым чарчасам да моюнума,
Кумарым канмайынча жөн койбосом.