Качандыр бир өз кошунасы менен достук мамиледе жашаган аял болуптур. Жакшынакай күндөрдүн биринде ал уулун кошунасыныкына оттук таш сурап келүүгө жиберет.

Бала кошунаныкына келсе кемегедеги казанда толтура ботко бышып жатыптыр. “Өзү жалгыз жашаса мунун баарын кимге берет?” — деп таңгалган ал жашынып алып аялды аңдый баштады. Бир аздан кийин кошуна аял сырттан банан пальмасынын жалбырактарын алып келип, аларды жерге төшөп, казанды оттон чыгарып, боткону жалбырактардын үстүнө төктү.

Андан соң шумдугуң кургур бул кошуна аялдын эки колу, эки буту, башы, ичи, дегеле баардык мүчөлөрү тулкусунан  өз-өзүнчө бөлүнүп, ар бир бөлүгүнө өзүнчө ооз пайда болуп, жерге жайылган жалбырактын үстүнө төгүлгөн боткону жей башташты.

Муну көрүп турган баланын жүрөгү оозуна тыгылып, катуу коркуп кетип, апасынан жардам сурай кыйкырып үйүн карай качып жөнөдү.

— Апа-а! Жардамга! Мени да жегени калды!

Муну көргөн сыйкырчы бир ирмемде эле өз калыбына келе калды да, баланы кубалап жөнөдү. Сыйкырчы балага мына-мына жетерде ал даракка чыга качты. Жетпей калган сыйкырчы даракка буйрук бере кыйкырды:

— Бак ылдыйга!

Ушул ирмемде капыстан эле дарак кичирейе баштап, бала жерге жакындап, сыйкырчы аны кармаганы калганда баласынын  кыйкырыгын угуп, үйүнөн чыга калган энеси кыйкырып жиберди:

— Бак өйдөгө!

Ушуну эле күткөндөй дарак жогорулай баштап, сыйкырчы баланы кармай албай калып, кайрадан катуу кыйкырды:

— Бак ылдыйга!

Өсүп бараткан дарак кайрадан кичирейип, бирок эненин буйругу менен өйдө карай кайра өсүп, бул жорук бир топко чейин кайталанып, сыйкырчы баланы кармай албай көпкө убараланды.

Акыры сыйкырчы өзүнүн бул аракетинен эч нерсе чыкпай турганын түшүнгөндө жардамга бакасын чакырды. Кайдан-жайдан чыга калганы белгисиз, чоңдугу өгүздөй бака даракты сыга кучактап, ага буйрук бере бакылдады:

— Дарак, дарак! Бака сыяктуу балчайгын!

Заматта дарак жапыздап, жерге жакындай баштаганда эне да кыйкырды:

— Дарак өйдөгө!

Тил алчаак дарак дароо эле ичкерип, жогору карай өсө баштады.

Бул илесинен майнап чыкпай калганын түшүнгөн сыйкырчы жыланын жардамга чакырды.Жылан жер түбүнөн сойлоп чыгып, даракка оролуп буйрук берди:

— Дарак, жылан сымал ийри-буйру ичкергин!

Бак ипичке болуп, баланы көтөрө албай жерди карай ийилип баратканда эне буйрук берди:

— Бак өйдө карай!

Элпек дарак дароо жоонойгон бойдон жогору көтөрүлө баштады. Жылан кайрадан ичкерүүгө буйрук берип, эне аны бузуп, ошентип алар даракты ары-бери, өйдө-төмөн  кете беришти. Айласы кеткен сыйкырчы кескелдиригин чакырды.

Тилин соймоңдотуп жетип келген кескелдирик куйругу менен чапкылаганда дарак араа менен таарылгандай болуп бөлүктөргө бөлүнүп жерди карай кулады.

Кулап  түшкөн баланы сыйкырчы кармаарда – ызы-чууну угуп жетип келген  кошуналардын айгайлаган  кыйкырыктары чыкты. Жардам келгенине шерденген баланын энеси дароо таягы менен чапкылап  баканы, жыланды, кескелдирикти өлтүрдү. Сыйкырчы кайдадыр качып кеткенге үлгүрүп, көздөн-кайым жоголуп, экинчи бул аймактан көрүнгөн жок дешет.

Көрсө, эненин каары менен мээри кандай сыйкыр болсо да жеңип чыгат экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы66
Акылдуу балдар33
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Көмөч нан (колобок) жомок28
Акылдуу кыз жомок26
Кырк калп жомок26
ЖАЛКОО25
Коён менен кирпи19
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Карышкыр менен эчки16

Один комментарий к “Сыйкырчы менен эне”

  1. Жакты, эн жакшы иш болуптур, жомок деген жаш оспурумдорду чындыкка, адилеттуулукко тарбиялайт, баатырдыкка, эмгекчилдикке ундойт..

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *