«Бой көтөргөн акмакты эч ким сүйбөйт»
Илгери-илгери бир заманда бир ала карга жашаптыр. Башка ала каргалардан айырмаланып, ал аябай чоң экен. Ошондуктан, ал башкаларды кемсинтип, өзүнчө бой көтөрчү экен. Ал бир күнү кара каргалардын арасына барат. Алар ала каргага:
— Сенин үнүңдү да, келбетиңди да, биз жактырган жокпуз — дешет.
Муну уккан ала карга көгүчкөндөргө барат. Аларды жактырып: «Мен дагы көгүчкөнмүн» — деп араларына кошулуп алат. Ал өзүнүн ала карга экенин билдирбеш үчүн алгачкы күндөрү каркылдабайт. Көгүчкөндөр эч нерседен капарсыз эле жүрө беришет, ага унчугушпайт. Бир канча күн ооз ачпай жүргөн ала карга бир күнү чыдай албай кетип: «Бир сайрайынчы» деп чечет да, сайрап жиберет. Ошондо анын калпычылыгы билинип калат. Анан көгүчкөндөр:
— Кокуй aй! Көгүчкөн дегениңдин үнү мындай болбойт. Ай бул көгүчкөн эмес го,- деп аны араларынан кууп салышат.
Ошентип, айласы түгөнгөн ала карга өз досторуна барат. Анын кылган жоруктарын уккан достору да аны кошкусу келбей, бөлүп салышат. Алар анысы аз келгенсип ага:
— Сен бизди кемсинткениң үчүн сени кошпойбуз. Эми биздин арабызда сага орун жок -деп салышат.
Өзүнүн кемчилигин түшүнгөн ала карга досторунан кечирим сурап: — Эми мындан кийин, эч кимди кемсинтпегенге сөз берем. Мени кечирип койгулачы… — деп кечирим сурап, алардын кечирими менен досторуна кошулган экен.