Жалгыздап болбосун жаның кайгы,
Биримдик – парзыбыз жарандык.
Жалпы бир өлкөгө жалындайлы,
Болбосо эмнеге жаралдык?
Кайырма:
Жаштар-эй, жетсең да булутка,
Тегиңди унутпа,
Урпагы сенсиң Манастын!
Жаштар-эй, качпайлы чет элге,
Күч кошуп мекенге,
Намысын элдин талашкын!
“Бек” деген сөз кошот ат койгондо,
Чеп болгун элиңе бороондо.
Жапыздап акың жок пас болгонго,
Жашасак эң бийик тоолордо.
Кайырма:
Жаштар-эй, жетсең да булутка,
Тилиңди унутпа,
Урпагы сенсиң Манастын!
Жаштар-эй, качпайлы чет элге,
Күч кошуп мекенге,
Намысын элдин талашкын!