Эстедим жаш чагымды,
Тил албай айтканыңды.
Азабым далай тартып,
Ак басты чачтарыңды.
Кеттим мен билим самап,
Күттүң го жолум карап,
Кең жайып тасмалыңды.
Күйүттү эч билбеген,
Күн каалайм кеч кирбеген.
Арка-бел атабыздын,
Жоктугун сездирбеген.
Ажалдан күч келсе да,
Ааламды бүт берсе да,
Алмашпайм эч ким менен.
Байтерек карааныңыз,
Бакыт, кут жамалыңыз.
Кудайдан өмүр тилеп,
Кыйшайсам таядыңыз.
Жараткан аян кылган,
Пайгамбар баян кылган,
Бейиш жай таманыңыз.
Корго деп эл-жериңди,
Тарбия бергениңди.
Апаке, кантип актайм,
Ак сүтүң эмгенимди?
Соолбосо асыл денем,
Жер сайып башым менен,
Кайтарам эмгегиңди.
Турдакун Ниязалиев — Апама тексти
Датасы: 28.09.2020 Көрүүлөр: 9154
Баары сонун азаматсынар
Соонун
Ото жакшы
Созу обону кимге таандык